Бишкек мэриясы таза сууну нормадан ашык колдонгондорго жогорку тариф киргизүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясы таза сууну нормадан ашык колдонгондорго жогорку тариф киргизүүнү пландап жатат. Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдиргендей, суунун бир суткага  карата керектелүүчү нормасы 170 литрди түзөт.

 

Негизи, тиричилик колдонуу үчүн бул көлөм жетиштүү.

 

Бирок жайкысын жеке турак-жайлардын тургундары сууну сугатка колдонуп, кадимки тариф менен төлөшөт. Буга байланыштуу, ар бир жер тамга суу эсептегичтерди орнотуп, жогорулатылган тариф бекитүү каралууда. Ал эми базалык тариф ошол бойдон калат, — деди чиновник.