Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу жок болот

Эртең, 6-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 22:00гө чейин ЧЧК — Аул көчөсү — Элебесов көчөсү — Каражыгач токою менен чектешкен аймакта, анын ичинде Керамика, Чалбай, Кайынды, Суворов конуштарында ичүүчү суу токтотулат. Мунун себеби Арал… Кененирээк…

Алай районунун тургундары акысыз медициналык кароодон өтүшүүдө

Алай районунун тургундары акысыз медициналык кароодон өтүшүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай иштер алыскы аймактардын тургундарына жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү демилгесинин алкагында жүрүп жатат.   Диагностикалык көчмө комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анда анализ жүргүзүү үчүн лаборатория, КТ, маммограф, УЗИ аппараты, рентген, кичи операциялар үчүн… Кененирээк…

Жалал-Абадда 150 орундуу типтүү бала бакча курулууда

Жалал-Абадда 150 орундуу типтүү бала бакча курулууда. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын аянты 48 сотыхты түзүп, эки кабаттуу болот.   Курулуштун сметалык баасы 97 миллион сомду түзөт. Объект республикалык бюджеттен каржыланууда.   Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда 26 муниципалдык бала бакча бар.

Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1 миң 100 МВт болгон 6 гидроэлектрстанция куруу пландалууда

Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1 миң 100 МВт болгон 6 гидроэлектрстанция куруу пландалууда. Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоор Кытай менен биргелешип ишке ашат. Ага ылайык, электр кубатына тартыштык азайып, керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоо жакшырат деп күтүлүүдө.   Эске салсак, Садыр Жапаров 17-майда Кытайга сапар менен… Кененирээк…

Ичүүчү суунун тартыштыгынан Бишкекте мончолор жабылууда

Ичүүчү суунун тартыштыгынан Бишкекте 15 мончо жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жабылган жайлар сууну сарамжалсыз пайдаланганы рейддин жүрүшүндө аныкталган.   Бишкекте күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары суу чыкпай жатканына арызданышууда. Шаар бийлиги да соңку жылдары, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу… Кененирээк…

Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи авиакаттам келди

Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи авиакаттам келди. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Бишкектен түз учса болот.   Каттам жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.   Ал эми август айынан тарта Бишкектен Анкарага самолет күн сайын учат. Учуу… Кененирээк…