Өзгөн районунда жаңы мектеп курулууда

Өзгөн районунда жаңы мектеп курулууда. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Жыланды айылында жайгашат. Мектеп 275 окуучуга чакталат.

 

Бул жерде бардык зарыл шарттар түзүлөт. Долбоорду ишке ашырууга 117 миллион сом керектелет. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.