“Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркы 6-10-июнда жабык болот.
Бул тууралуу “Ала-Арча кыргыз улуттук жаратылыш паркы” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Аталган күндөрү эс алуу аймагында санитардык иштер жүргүзүлгөндүктөн, унаалардын жана жарандардын өтүшүнө чектөө киргизилет.