«Каракол» аэропортун куруп жаткандарды оор темир басып калып, эки киши көз жумду

«Каракол» аэропортун куруп жаткан жумушчуларды металл конструкциясы басып калып, эки киши каза болду, бирөө оор абалда жатат. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди. Окуя кечээ, 5-июнда, саат 17:30дар чамасында болгон. «Кырсыктын кесепетинен 45 жаштагы киши мүрт кеткен, 42 жаштагы жумушчу реанимациядан көз жумган.… Кененирээк…

Сары-Кыр ашуусунда кар көчкү түштү

Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 5-июндан 6-июнга караган түнү кар көчкү түштү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жол кызматтары жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.   Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү тууралуу маалымат азырынча белгисиз.

Кытайлык окуучу дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырды

Кытайлык окуучу дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырды.   16 жаштагы Сю Чжоюань Эверестке чыккан Кытайдагы эң жаш альпинист болуп калды. Бул мектеп окуучусунун биринчи жетишкендиги эмес. Ал өткөн жылы бийиктиги 7,5 миң метрден ашкан Музтаг-Ата чокусуна чыккан.   Белгилеп кетсек, Эверестти багынткан эң жаш адамдын… Кененирээк…

Кыргызстанда 8-9-июнь күндөрү нормадан тышкары ысык болот

Кыргызстанда 8-9-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нормадан тышкары ысыкка байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай турууну сунуштайт.   Ысыкта айдоочулар бат чарчап, ою чачырап, реакциясы бир кыйла начарлайт. Ведомство мунун баары кырсыктын ыктымалдуулугун жогорулатат, деп эскертет.   Буга чейин маалымдалгандай, алдыдагы… Кененирээк…

Жалал-Абадда коон-дарбыз бышып калды

Жалал-Абадда коон-дарбыз бышып калды. Дыйкандар эгиндерин Бишкек менен Жалал-Абаддын базарларына жөнөтө башташты.   Азыр талаадан келген дарбыздын килограммы 30-35 сом, коон 25-30 сомдон сатылууда. Бул баа азырынча дыйкандар үчүн жакшы, бирок бир жумадан кийин товар көбөйүп, баалар түшө баштайт.   Эске салсак, былтыр июнь айынын… Кененирээк…

Кыргызстандын мектептеринде окуучуларды 5,5 жаштан кабыл алуу сунушталды

Кыргызстандын мектептеринде окуучуларды 5,5 жаштан кабыл алуу сунушталды. Тиешелүү норма “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда жазылганын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу парламентте билдирди.   Чиновник белгилегендей, жаңы изилдөөлөр 5,5 жаштан баштап балдар мектепке даяр экенин көрсөтүүдө.  Бирок бардык бала бул… Кененирээк…

Бишкек-Кара-Балта жолун курууда 104 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Бишкек-Кара-Балта жолун курууда мамлекетке 104 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.   Текшерүүнүн натыйжасында көчөгө жарык бере турган 450 темир мамы, 36 парапет, эки аялдама, темир торлор, асфальт бетону жана башка мүлктөр жетишсиз болуп чыккан. Ошондой эле асфальт жука… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ичүүчү суу 6-июнда саат 09:00дөн 22:00гө ЧЧК — Аул көчөсү — Элебесов көчөсү — Каражыгач токою менен чектешкен аймакта, анын ичинде Керамика, Чалбай, Кайынды, Суворов конуштарында токтотулат.   Мунун себеби Арал тилкесиндеги (Каражыгач… Кененирээк…

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү бүгүн, 6-июнда түнкү саат 03:11де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.   Жер титирөө Сузак районунун Кара-Чолок, Таран-Базар айылдарында 3 балл, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак айылдарында жана Ош облусунун Өзгөн… Кененирээк…

Бүгүн жана эртең Бишкек жана Чүйдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек жана Чүйдө бүгүн жана эртең унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек – “Манас” аэропорту, Фучик, Садырбаев көчөлөрүн, Жаш Гвардия бульварын, Чүй, Манас проспектилерин маал-маалы менен жабуу пландалып жатат.   Чектөөлөр Катар эмиринин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен байланыштуу.