Кыргызстандын аймактар аралык маршруттук таксилердин жүрүү графигин онлайн билип алса болот

Кыргызстандын аймактар аралык маршруттук таксилердин жүрүү графигин онлайн билип алса болот. Ошондой эле, эми аралыктан эле орун алып коюу кызматы жеткиликтүү.

 

“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы бул үчүн атайын сайт жана уюлдук тиркеме иштеп чыгууда, — деп билдирди анын жетекчиси Темирбек Анаркулов.

 

Анын айтымында, ошондой эле веб-баракчада айдоочу тууралуу керектүү маалымат жайгаштырылат. Жүргүнчүлөр унаанын техникалык абалын дагы онлайн түрдө баалай алат. Сайт июлда, тиркеме августта ишке кирет.