Бишкекте мектеп алдындагы лагерлер иштеп баштады

Бишкекте мектеп алдындагы лагерлер иштеп баштады. Мэрия маалыматына ылайык, жалпысынан 39 аянтча түзүлдү.

 

Ар биринде балдарга ысык тамак берилет. Жалпысынан мектеп алдындагы лагерлерге 4 миңден ашык окуучу жазылды.

 

Эс алуу учурунда аларга маданий экскурсиялар, мелдештер, спорт оюндары жана башка кызыктуу иш-чаралар каралды. Лагерлер 30-июнга чейин иштейт.