Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды. Диетологдордун айтымында, ысыкта алкоголдук ичимик, тез татым азыктары, ачуу, майлуу жана куурулган тамак-аштан баш тартуу керек.

 

Нан азыктары, май жана жаңгакты дагы аз өлчөмдө колдонуу сунушталат. Ысык аба ырайында рациондо жер-жемиш, жашылча, майлуу эмес эт, балык жана деңиз азыктары болушу маанилүү.

 

Андан тышкары, диетологдор сууну жетиштүү өлчөмдө ичүү керектигин эскертет. Белгилеп кетсек, 9-июнга чейин Кыргызстанда 40 градуска чейинки аномалдуу ысык аба-ырайы күтүлөт.