“Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркы бүгүнтөн тарта жабык болот

“Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркы бүгүнтөн тарта 10-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу “Ала-Арча кыргыз улуттук жаратылыш паркы” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эс алуу аймагында санитардык иштер жүргүзүлгөндүктөн, унаалар жана жарандар ушул жекшембиге чейин өткөрүлбөйт.

Бишкекте мончо жана унаа жуучу жайлардын ишине качан уруксат берилет?

Бишкекте унаа жуучу жайларга, мончолорго жана бассейндерге суу колдонууда киргизилген чектөөлөр бир айдын аралыгында алынат. Буга вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев ишендирүүдө. Анын айтымында, калк сууну сарамжалдуу пайдаланса, абал турукташат.   Эске салсак, таза суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрия өткөн аптада ордо калаада рейд жүргүзгөн. Анын алкагында… Кененирээк…

Бүгүн Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Бүгүн Кыргызстанга Катардын эмири келет. Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик сапары 6-7-июнь күндөрү болот.   Бул күндөрү Ички иштер министрлиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Коомдук тартипти жана жол кыймылын коргоого 3 миңге жакын кызматкер тартылат.   Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер… Кененирээк…

Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстанга 70 миллион доллар инвестиция салууга даяр

Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстанга 70 миллион доллар инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин коңшу мамлекетке сапарынын алкагында белгилүү болду.   Маалыматка ылайык, өзбек ишкерлери базальт буласын өндүрүү, кальций карбидин чыгаруу, текстиль ишканаларын куруу, кварцты байытуучу завод ачууну пландап жатышат.