Бишкектин Көк-Жар конушунда жаңы бала бакча пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, 2 кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 бөбөккө чакталат.
Имаратта оюн, уктоочу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, машыгуу жана музыка залдары каралган. Учурга карата бала бакчанын буу казанын куруу иштери жүрүп жатат.