Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азаюуда

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азаюуда. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата андагы нымдуулуктун деңгээли 8 миллиард 760 миллион кубометрди түздү.

 

Өткөн жылдын ушул мезгилинде резервуарда  10 миллиард 860 миллион кубометр суу бар болчу. Суунун агып кириши секундасына 718 куб болсо, чыгышы 440 кубометрге барабар.

 

Энергетиктер калкты электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.