Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүгө 4 миллиард сом керектелет

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүгө 4 миллиард сом керектелет. Бул тууралуу парламентте Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал белгилегендей, бул суммага жылуулук-электр борборун көгүлтүр отко которуу үчүн тиешелүү жабдуулар жана жумуштар гана кирет.

 

Газдын баасы өзүнчө эсептелет.  Буга чейин бул тема бир нече ирет шаардык кеңеште дагы, Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.

 

Ал эми ЖЭБдин жетекчилиги газга өтүүдө ишкана иштеп чыккан жылуулук жана электр энергиясынын баасы 40 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн экенин эскерткен.Учурда борбор 96 пайызга көмүр, 4 пайызга газ менен иштейт.