Бишкектин Арча-Бешик конушуна суу жеткирүү уюштурулду

Бишкектин Арча-Бешик конушуна суу жеткирүү уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурга карата 10-кичи райондо жана Киргизия конушунда суу тартыштыгы боюнча абал турукташууда.   Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиевдин айтымында, азыркы тапта шаар ичинде таза суу боюнча маселе жок, бирок Арча-Бешик, Ак-Ордо жана Ак-Өргө… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстан менен биргеликте логистикалык борбор түзүү үчүн Чү дарыясында көпүрө курат

Казакстан Кыргызстан менен биргеликте логистикалык борбор түзүү үчүн Чү дарыясында көпүрө курат. Коңшу өлкөнүн өкмөтү тиешелүү макулдашуунун долбоорун жактырды.   Комплекс «Ак-Тилек» чек ара өткөрүү бекетинин аймагында пайда болот. Казакстандын бөлүгү Чү дарыясынын Жамбыл облусуна тиешелүү тилкесинде орун алат.   Индустриалдык-соода-логистикалык комплексинде айыл-чарба продукциясын сактоого… Кененирээк…

Видео аркылуу тамак жасаган робот-ашпозчу пайда болду

Кембридж университетинин окумуштуулары рецептти изилдеп, каалаган тамакты жасай ала турган робот-ашпозчу жаратышты. Бул үчүн роботко кыймыл-аракеттердин алгоритмин деталдуу көрсөткөн видеону бир жолу көрүү жетиштүү.   Долбоордун авторлору популярдуу кулинардык телешоулордогу видеолор аппаратты үйрөтүү үчүн ылайыктуу эмес деп эсептешет. Анткени робот тамакты даярдоо үчүн колдонулган бардык… Кененирээк…

Парламент комитети Бишкектеги суу көйгөйүн чечүүгө 150 миллион сом бөлүп берүүнү колдоду

Парламент комитети Бишкектеги суу көйгөйүн чечүүгө 150 миллион сом бөлүп берүүнү колдоду. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында кабыл алынды.   Мунун алдында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев суу тартыштыгын чечүү үчүн 500 миллиондой сом керектигин билдирген. Жаңы… Кененирээк…

Ысык-Көлдө дары чөптөрдү кургатуучу цех курулууда

Ак-Суу районунун Маман айылында дары чөптөрдү кургатуучу цех курулууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, ишкана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин жардамы менен салынууда. Курулуш иштери ушул жылдын октябрында аяктайт.

Бишкектеги суу тартыштыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек

Бишкектеги суу тартыштыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек. Бул тууралуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.   Жогорку Кеңеш Бишкек жана анын жака-белиндеги конуштардагы суу таңкыстыганан улам жаралган маселени чукул карап жатат. Анда көйгөйдү чечүү үчүн жаңы суу топтогон жайлар курулушу… Кененирээк…

ЖК этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, “Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» жана “Кыргыз жарандыгы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилет.   Депутаттар тобу жана өкмөт демилгелеген мыйзам долбоору Кыргызстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо, азыркы мыйзамдын кемчиликтерин жоюу, кайрылмандарды каттоо… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында 230дай жүк ташуучу унаа кезекте турат

«Ак-Тилек» жана «Кең-Булуң» чек ара бекеттеринде жүк ташыган унаалардын кезеги пайда болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки бекетти кошкондо жалпысынын 230дай машина кезекте турат.   Чек ара кызматы унаалардын тыгынын Кыргызстандан башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту көбөйгөнү… Кененирээк…

Ошто балдардын жайкы лагерлери ачылат

Ошто балдардын жайкы лагерлери ачылат. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, лагерлер 12-июндан тарта балдарды кабыл ала баштайт. Анда балдар эс алууга гана эмес, өнүгүүгө да өбөлгө түзүлүп, ар кандай сынактар, экскурсиялар, сууга түшүү, спорттук оюндар жана маданий иш-чаралар уюштурулат.   Ошондой эле, коомдук уюмдардын катышуусу менен шайыр,… Кененирээк…

Бишкектеги сейил бактар иретке келтирилүүдө

Бишкектеги «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» сейил бактарында өз билемдик орнотулган жеңилдетилген типтеги объекттер демонтаждалууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жеңилдетилген типтеги 15 объект демонтаждалды. Рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүү пландаштырылууда. Бишкек шаарынын мэриясы объектилерди баш калаанын парктарына башаламан тартипте өзү билемдик менен орнотпоону өтүнөт.