Омск – Бишкек автобус каттамы 7-июлдан тарта жанданат.
Бул тууралуу аталган россиялык облустун унаа башкармалыгынан билдиришти. Омск автобекетинен автобустар жума күндөрү кечки саат 8де чыгат.
Билеттер 17-июндан тарта сатыкка чыгарылып, баасы 6 миң сомду түзөт. Ал эми жүк үчүн кошумча 600 сом төлөөгө туура келет.