Кыргызстанда 10-июндан тарта бир аз салкын болушу күтүлөт

Кыргызстанда 10-июндан тарта бир аз салкын болушу күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 9-июнда көпчүлүк аймактарда аба табы 40 градуска чейин ысыйт. Ал эми 11-июнда температура 4-5 градуска төмөндөйт.

 

Эртеси эле, 12-июнда кайрадан аптаптуу күндөр кайтып келет, бирок, 40 градуска жетпейт, — дешет синоптиктер.