Лионель Месси америкалык “Интер Майами” клубуна өткөнүн расмий жар салды

Лионель Месси америкалык “Интер Майами” клубуна өткөнүн расмий жар салды. Спортчунун келишими 3 жылга эсептелди. Анда форвард 2 сезондон кийин эркин агент катары кете ала турганы жазылган.

 

Эгер эки тарап тең кызматташуусун улантууну чечсе, келишим 2026-жылга чейин созулат. Месси менен “Интер Майаминин” расмий документке кол коюу салтанаты 1-июлга белгиленди.

 

Эске салсак, Лионель Месси көп жылдык карьерасын испаниялык “Барселона” клубуна арнап, андан кийин франциялык ПСЖга өткөн. Буга чейин футболчу сауд арабиялык клубка өтө турганы дагы айтылып келген.