Эртең Бишкекте Мурманск көчөсү боюнча темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Эртең Бишкекте Мурманск көчөсү боюнча темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, унаа кыймылына эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин чектөө киргизилет.

 

Мындай чара ремонттук иштерге байланыштуу. Айдоочуларга Садыгалиев, Алыкулов жана Дэн Сяопин көчөлөрү альтернативалык вариант катары сунушталат.