Бишкекте №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталды.
Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жеринде пайдубал тургузуу жана дубалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Эске салсак, 8 гектардан ашык жерде жалпысынан 5 миң батирден турган 11 көп кабаттуу үй пайда болот. Комплексте өзүнүн бала бакчасы, мектеби, унаа токтотуучу жайы жана жеке буу казаны каралган. Үйлөрдү курууга мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнүп, батирлердин баасы чарчы метрине 550 доллардан ашпайт деп айтылууда.