Быйыл дагы өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат

Быйыл дагы өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай чара окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, дагы бир себеби – ата-энелердин чыгымдарын азайтуу.   Эске салсак, 23-июнда өлкөнүн бардык мектептеринде 11-классты аяктап жаткандарга бүтүрүү салтанаты уюштурулуп, аттестаттар тапшырылат.   Ал эми … Кененирээк…

Кыргызстанда электрондук капчыктардын колдонуучуларынын саны 5,4 миллиондон ашты

Кыргызстанда электрондук капчыктардын колдонуучуларынын саны 5,4 миллиондон ашты. Бул баштапкы божомолдордон эки эсе көп. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.   Андан такташкандай, өлкөнүн чоң жарандарынын саны 4,5 миллион адамды түзгөнүн эске алганда, бул  көрсөткүч рекорддук болуп эсептелет. Ал эми электрондук капчыктардын жардамы менен жасалган транзакциялардын… Кененирээк…

Кара-Кулжа районунун Буйга айылында чакан ГЭС ишке кирди

Кара-Кулжа районунун Буйга айылында чакан ГЭС ишке кирди. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Буйга-1” гидроэлектр станциясы 400 киловатт-саат кубаттуулукка ээ.   Ал райондогу 2 айылды электр энергиясы менен камсыздайт. Чакан ГЭС жергиликтүү инвестор тарабынан курулду.

Бишкекте суу тартыштыгы боюнча абалды жөнгө салуу аракети көрүлүүдө

Бишкекте суу тартыштыгы боюнча абалды жөнгө салуу аракети көрүлүүдө. Кургак жана суусу аз аймактарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы               6 скважина куруп, бургулоо пландалып жатканын мэриядан билдиришти.   Алар Профсоюз — Нарвская, Лев Толстой — Логвиненко,  Жайыл Баатыр — Чортеков, Ахунбаев —… Кененирээк…

Кыргызстандын Аскердик доктринасынын жаңы долбоору сунушталды

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Аскердик доктринасынын жаңы долбоору сунушталды. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаевдин айтымында, доктрина коргонуу мүнөзүндө, мамлекеттин аскер коопсуздугун камсыздоочу саясий, дипломатиялык, экономикалык, маалыматтык, аскердик жана башка чараларды көрүшү аркылуу ишке ашырылат. Негизги максат — аскердик чыр-чатактарды алдын алуу. Долбоорду иштеп… Кененирээк…

Чүйдө форель үчүн жем даярдаган завод ачылды

Кыргызстандын Чүй облусунда Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен форель үчүн европа сапатындагы жем чыгарган завод ачылды. Бул тууралуу аталган фонд билдирди. Долбоорду жеке компания ишке ашырган. РКӨФ 1,3 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүп берди. Бул — жалпы сумманын 70 пайызы. Заводго заманбап жабдуулар… Кененирээк…

Килиан Мбаппе ПСЖ менен келишимди узартуудан баш тартты

Килиан Мбаппе ПСЖ менен келишимди узартуудан баш тартты.   Ал кийинки жылдын июнь айынан тарта эркин агент болот. Форвард менен клубдун келишими эмки жайда соңуна чыгат жана бир сезонго узартуу шарты каралган.   Мбаппе бул мүмкүнчүлүк менен колдонгусу келбейт, — деп билдирет L’Equipe. Болжол менен… Кененирээк…

Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.   Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.   Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы суу каптаган туннелдин ичи тазаланды

ранспорт министри Тилек Текебаев Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин ремонту кандай жүрүп жатанын көрүп келгенин билдирди. Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучулары унаа өткөн жайдын ичин суу каптап, автоунааларга ыңгайсыздык жараткан видеолор менен бөлүшкөн. «Элдин кайрылуусу менен Төө-Ашууга келип, туннелдин ремонтун тездетүүнү тапшырдым. Тезинен бүткөрүү үчүн… Кененирээк…

Бишкекте суу пайдалануу эрежелерин бузгандарга карата чара көрүлүп баштады

Бишкекте суу пайдалануу эрежелерин бузгандарга карата чара көрүлүп баштады.   Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек суу канал” башкармалыгы суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануудагы эрежелердин сакталышын текшерген рейд жүргүздү.   Анын жыйынтыгы менен 43 жаранга карата акт түзүлдү. Эреже бузгандардын ар бирине 8 миң 200 сомдон айып… Кененирээк…