Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган система ишке кирди

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган система ишке кирди. Ички иштер министрлиги билдиргендей, ал КМШ өлкөлөрүндө издөөдө жүргөндөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.

 

Алсак, 10 күндүн ичинде камералардын жардамы менен 57 адам табылып, милицияга жеткирилген. Алардын көбү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн аймагында ар кандай кылмыштары үчүн издөөгө алынган кыргызстандыктар. Алардын айрымдары 8-9 жылдан бери издөөдө жүргөнү белгиленди.

 

Ошондой эле төрт чет элдик, анын ичинде Россия жана Өзбекстандын жарандары кармалган.