Ош менен Баткенде сел жүрүп, жолдор жабылды

Ош менен Баткенде сел жүрүп, жолдор жабылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык,  түндө катуу жаан-чачындан улам Баткендин 4 жеринде сел жүрдү.   Учурда Ош — Баткен — Раззаков жолунун Охна тилкеси, Жийделик — Ак-Кыя жолу, Бел — Божол жолу, Ош… Кененирээк…

“Манчестер Ситинин” норвегиялык чабуулчусу Эрлинг Холанд Чемпиондор лигасынын эң мыкты бомбардири аталды

  “Манчестер Ситинин” норвегиялык чабуулчусу Эрлинг Холанд Чемпиондор лигасынын эң мыкты бомбардири аталды. Форвард жеке эсебине турнирдин  11 беттешинде 12 голду жаздырды.   Эске салсак, 10-июнда “Манчестер Сити” тарыхта биринчи ирет Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду. Финалда ал италиялык “Интерди” 1:0 эсебинде утуп алды. Холанд англиялык… Кененирээк…

Бул айдын аягында кыргызстандыктарга кошумча эс алуу берилет

Бул айдын аягында кыргызстандыктарга кошумча эс алуу берилет. Дем алыш Курман айттын урматына болот. Майрамдын болжолдуу датасы – 28-июнь, шаршембиге туура келет.   Бул күнү ордо калаанын эски аянтында салттуу айт намазы окулат. Белгилеп кетсек, Курман айт мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири. Бул күнү курмандык чалып,… Кененирээк…

Бишкек жана Астана шаарларын байланыштырган аба каттамы жанданды

Бишкек жана Астана шаарларын байланыштырган аба каттамы жанданды. Казакстандык лоукостер 10-июндан тарта рейстерди аткарып баштады.   “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, учактар жумасына эки ирет – шейшемби жана ишемби күндөрү учат.   Эки шаардын ортосундагы аралык 900 чакырымдан ашат. Учуу убактысы 1 саат 45… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги “Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуусун улантууда

Билим берүү министрлиги “Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуусун улантууда. Сынакка 100 мыкты университеттердин тизмесиндеги окуу жайга билим алууга кабыл алынган жарандар катыша алат.   Кененирээк маалымат ведомствонун сайтында жеткиликтүү. Эске салсак, “Эл үмүтү” президенттик стипендиясы өткөн жылдын май айында негизделген. Бир жылдык стипендиянын өлчөмү… Кененирээк…

Жарандар 24-июлга чейин мүлктүк эсептен чыгарууну алуу үчүн арыз менен кайрыла алышат

Жарандар 24-июлга чейин мурдагы жылдары тапшырган салык декларацияларынын негизинде социалдык, же мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга арыз берүүгө укуктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.   Мындай мөөнөт Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынышына… Кененирээк…

Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 13-июнда, КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.   Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.   Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери,… Кененирээк…

Эмгек министри мектеп окуучуларына кесиптик багыт берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Балдарды коргоо борборунун” балдарына кесиптик окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.   Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу катчылыгынын демилгеси менен уюштурулган жолугушуу 12-июнда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн күнүнүн алкагында өттү. Министрдин айтымында, Кыргызстанды 2026-жылга… Кененирээк…