Он үч жылдын ичинде Кыргызстандын калкы бир жарым миллион адамга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин аппарат жетекчиси Элмира Алымкулова билдирди.
Анын айтымында, былтыркы эл каттоо республикада дээрлик 7 миллион адам жашаганын көрсөткөн. Алардын көбү, тактап айтканда калктын 65 пайызы айыл жеринде отурукташкан.