Японияда суу үстүндө шаар курулат. Учурда адистер долбоорду иштеп чыгууда

Японияда суу үстүндө шаар курулат. Учурда адистер долбоорду иштеп чыгууда.

 

Сүзүп жүрүүчү шаар жашоо үчүн 2030-жылга карата жеткиликтүү болуп калат.  Dogen City аталышындагы калаа деңиздеги суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө, климаттын өзгөрүүсүнө туруштук берип, 40 миң адамды суу жана электр энергиясы менен өз алдынча камсыз кыла алат.

 

Бул жерде экологиялык өндүрүштөр, мектеп, спорт аянттары, оорукана, стадиондор, мейманкана жана кеңселер жайгашат.