Баткендин айрым айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Баткен районунун эки айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга бул аймакта кечээ жааган жаандан кийинки жагдай себеп болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

12-июнда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган. Анын кесепетинен Баткен жана Кадамжай райондорунун бир катар айылдарында ички жолдор, көпүрөлөр зыян тарткан. Сел жергиликтүү тургундардын эгин талааларын да каптаган. Учурда куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик тактоо иштерин жүргүзүп жатат.