Бишкектин Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

Бишкектин Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, суу эртең таңкы саат 7ден түнкү 11ге чейин конуштун жогорку бөлүгүнө, 16-июнь күнү ушул эле убакта төмөнкү бөлүгүнө, анын эртеси кайра жогорку бөлүгүнө, кийин төмөнкү бөлүгүнө берилет. Мындай график 18-июнга чейин уланат.

 

Муниципалитет ордо калаада ичүүчү суу боюнча абал оор экенин белгилеп, бирок жарандарды провокацияларга, ар кандай божомолдорго, имиштерге ишенбөөгө чакырды.