Мектептерде 1-класстын окуучуларын электрондук каттоонун биринчи этабы 25-июнда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигин эскертет.
Ведомстводон билдиришкендей, учурда каттоо туруктуу жашаган жери боюнча жүрүп жатат. Экинчи этап баланын катталган жерине карабастан, 26-июндан 31-августка чейин өткөрүлөт.
Эске салсак, документтерди тапшыруунун бардык процедуралары mektep.edu.gov.kg порталында жеткиликтүү.