Баткенде 44 социалдык объекттин курулушу жүрүүдө

Баткенде 44 социалдык объекттин курулушу жүрүүдө.

 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыл аягына чейин 14 мекеменин курулушун аяктоо, пайдаланууга берүү пландалууда. Алардын арасында мектеп, саламаттык сактоо мекемеси, маданият үйү, турак жай жана таза суу менен камсыздоочу объекттер бар.

 

Курулушка республикалык бюджеттен 266 миллион сомдон ашык каралган. Жыл башынан бери дээрлик 242 миллион сомдук жумуштар аткарылды.