Ошто курулушу 8 жылга созулган бала бакча пайдаланууга берилди

Ошто курулушу 8 жылга созулган бала бакча пайдаланууга берилди. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Кара-Суу районунун Талдык айылында жайгашкан.

 

Эки кабаттуу бала бакча 60 балага ылайыкталган. Ага жалпысынан  32 миллион сомдон ашык сарпталды.

 

Белгилеп кетсек, курулушу 2015-жылы эле башталган объект каражаттын тартыштыгынан улам ушул кезге чейин бүтпөй турган.