Баткендеги чек ара окуясында жарабай калган үйлөрдүн сегизи бүтө элек

Баткендеги чек ара окуясында жарабай калган үйлөрдүн сегизи бүтө элек. «Азаттык» алардын бирөө Достук айылында, жетөө Ак-Сай жана Капчыгай айылдарында экенин, тамдар ушул айдын ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгына таянуу менен жазды.

 

Маалыматка ылайык, өкмөт убада кылган 417 үйдүн 409унун курулушу аяктаган.

 

Белгиленгендей, өткөн жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган айылдарда учурда социалдык мекемелерди куруу иштери уланып жатат. Таза суу өткөрүү, жол куруу, медицина жана билим берүү мекемелерин ачуу күзгө чейин аяктайт деп пландалууда.