Джонни Депп Эмбер Хердден өндүргөн каражатын кайрымдуулукка жумшоону чечти

Америкалык актёр Джонни Депп мурдагы жубайы Эмбер Хердден сот аркылуу өндүргөн каражатын кайрымдуулукка жумшоону чечти.

 

Актёр бардык сумманы балдарды коргоо менен алектенген беш уюмга жөнөтөт. Алардын экөөнүн башында Джонни Депптин кумирлери — Пол Ньюман жана Марлон Брандо турган.

 

Кайрымдуулук да көзү өтүп кеткен жогорудагы актерлор үчүн сый-урмат экени белгиленди.