Кыргызстан Кытайга балык, картошка жана төө буурчак экспорттоону көздөп жатат

Кыргызстан Кытайга балык, картошка жана төө буурчак экспорттоону көздөп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.   Анын айтымында, тиешелүү талаптар боюнча ведомство учурда кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жеткирүүлөрдү баштоо үчүн продукцияларды текшерип, сапатын тастыктай турган сертификатталган лабораториялар зарыл, — деди министр.

Чүй облусунда мисте токою пайда болот

Чүй облусунда мисте токою пайда болот. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, көчөттөр аймактагы сугат жерлерге отургузулат.   Ал белгилегендей, өткөн жылы токой экосистемаларын комплекстүү башкаруу долбоору иштелип чыккан. Анын алкагында Боз-Бөлтөк тоосун суу менен камсыз кылуучу тармак тартылды. Мисте эгилген аймактарда тамчылатып сугаруу ыкмасын… Кененирээк…

Жалал-Абадда чек арачылар үчүн жаңы үйлөр курулду

Жалал-Абадда чек арачылар үчүн жаңы үйлөр курулду. УКМКдан билдиришкендей, эки кабаттуу турак жай 20 батирден турат жана анда жашоо үчүн заманбап шарттар каралган.   Маалыматта мамлекет кыргыз армиясы үчүн, анын ичинде чек ара кызматын күчтөндүрүү, заманбап курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыз кылуу, аскерлердин кызматтык жана… Кененирээк…

Москвадан келген эс алуучулар түз көлдүн жээгине барып конууда

Москвадан келген эс алуучулар түз көлдүн жээгине барып конууда. “Манас” эл аралык аэропорттун басма-сөз кызматынан эске салышкандай, россиялык авиакомпания тарабынан Москва – Тамчы – Москва каттамы жумасына 3 ирет аткарылып жатат.   Лайнерлер шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учат. Бул багыт май айында ачылып, туристтик… Кененирээк…

Кыргызстанда үй шартында бала бакча иштеткендер салыктан бошотулду

Кыргызстанда үй шартында бала бакча иштеткендер салыктан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бул жеңилдик жеке ишкелерге гана тиешелүү.   Алар нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат. Жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине… Кененирээк…

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 16-июнда каттап баштайт

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 16-июнда каттап баштайт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 16-июлга чейин курам жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттаса, 17-июлдан тарта күн сайын жүрөт.   Бишкектен поезд таңкы саат 7:40та чыкса, Балыкчыга 11:40та жетет. Кайра артка поезд Балыкчыдан 17:48де чыгып, ордо… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан транспорттук коридору боюнча жүк ташуучу поезддер кое берилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан транспорттук коридору боюнча жүк ташуучу поезддер кое берилди. Биринчи курам кытайлык Ланчжоу станциясынан 9-июнда жөнөтүлдү.   Ал Ташкентке 15 күндө жетет деп пландалууда. Бирок Кыргызстан аймагынан жүк поездден унаага жүктөлөт, анткени, биздин өлкө аркылуу темир жол каттамы салына элек. Жүктө… Кененирээк…

Кыргызстанда маяналардын бардыгын банк карталарына которуу каралууда

Кыргызстанда маяналардын бардыгын банк карталарына которуу каралууда.   Министрлер кабинети менен Улуттук банк накталай эмес акчанын үлүшүн  2027-жылга чейин көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыкты.   Күтүлүп жаткан жыйынтыктардын бири — бардык мекеме, уюмдардын, чарбалык субъектилердин кызматкерлеринин айлыгын банк картасына өткөрүү. 2027-жылы карталардын саны 6… Кененирээк…

Бишкекте жарым марафонго карата айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Бишкекте жарым марафонго карата айрым көчөлөр убактылуу жабылат.   Мэрия маалыматына ылайык, 17-июнда Бишкекте жыл сайынкы түнкү чуркоо өтөт. Иш-чара кечки саат 7де башталып, түн жарымга чейин созулат.   Буга байланыштуу кечки саат 8ден түнкү 12ге чейин Валиханов көчөсүнүн Анкара – Чүй бөлүгү, Чүй проспектисинин… Кененирээк…

Октябрь районун “Тазалык” ишканасы тейлейт

«Тазалык» муниципалдык ишканасы бүгүн, 14-июндан баштап Октябрь районундагы катуу тиричилик таштандыларын чыгарат. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган районду буга чейин «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы тейлеп келген. Бирок, шаардыктар тарабынан көптөгөн даттануулар түшкөндүгүнө байланыштуу компания менен келишим токтотулган. 1-июнда акимчилик «БишкекВторРесурс» ЖЧКсына келишимди бир тараптуу бузуу тууралуу билдирүү жөнөткөн.  … Кененирээк…