Кыргызстан желим баштыктан баш тартат

Кыргызстан желим баштыктан кагаз баштыкка этап-этабы менен өтүүнү көздөп жатканын вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, өкмөт тиешелүү токтом долбоорун даярдап жатат.

 

Документте келерки жылдан тарта полиэтилен баштыктарын өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга болбой турганы жазылган.