Баткен жана Лейлек райондорунда ипотекалык шартта бериле турган 49 үй курулат

Баткен жана Лейлек райондорунда ипотекалык шартта бериле турган 49 үй курулат. Бул боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниясы, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы менен Ак-Сай айыл аймагы кол койду.

 

Турак жайлардын жери 12 сотыхтан болот. 20 турак үй Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына, 29у Лейлектеги Кулунду айыл аймагына курулат.

 

Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4 пайыз менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат. Курулуш быйыл күзүндө башталып, 2024-жылы пайдаланууга берилет.