Ош – Тамчы – Ош аба каттамы 30-июндан тарта кое берилет.
“Манас” эл аралык аэропорттун маалыматына ылайык, аталган багыт боюнча рейстер ата-мекендик авиа компания тарабынан жумасына 6 ирет – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Каттам туристтик болуп, 31-августка чейин жеткиликтүү болот.