Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн 416сы курулуп бүттү

Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн дээрлик бардыгы курулуп бүткөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Жапаров былтыр 14-17-сентябрда Лейлек районунун бир катар айылдарында каргашалуу окуядан жабыркаган үйлөрдүн курулушу менен таанышкан. “Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416сынын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды.… Кененирээк…

“Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору болуп Жумаш Содомбаев дайындалды

“Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору болуп Жумаш Содомбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Белгилеп кетсек, буга чейин Содомбаев директордун орун басары болуп эмгектенген.

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан эки айылы таза суу менен камсыздалат

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан эки айылы таза суу менен камсыздалат. Капчыгай айылында 5 чакырымдык суу түтүктөрүн курууга 17 миллион сом бөлүнгөн.   Иштер 70 пайызга аяктап калды. Ошондой эле Достук айылынын тургундары 21,5 миллион сомго таза суу менен камсыздалат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.… Кененирээк…

Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов Азия чемпиону болушту

Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов Азия чемпиону болушту. Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Бейшекеев 67 килограмм салмак категориясында мыкты деп аталса, Асан Жанышов 82 килограмм салмакта атаандаштарын багындырды.   Андан тышкары, Нурмухаммет Абдуллаев, Адилхан Нурланбеков, Ырыскелди Максатбек уулу жана Нурмамбет Раймалы… Кененирээк…

Оштун Кара-Суу районунда жер көчкү жүрүп, 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү

Оштун Кара-Суу районунда жер көчкү жүрүп, 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган райондун Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келең айылында эски жер көчкү активдешкен.   Анын болжолдуу көлөмү 100 миң кубду түзөт. 5 турак үйгө коркунуч жаралгандыктан 39 тургун… Кененирээк…