Бишкектен Балыкчыга поезд менен 150 сомго жетип алса болот

Бишкектен Балыкчыга поезд менен 150 сомго жетип алса болот. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан Novosti.kgге билдиришкендей, 10 жашка чейинки балдарга жол кире 73 сомду түзөт.   Ошондой эле жүргүнчүлөргө жаңы үлгүдөгү кенен вагондор жеткиликтүү, андагы билеттин баасы 500 сом, ал эми бир бала үчүн 250… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 21-июндан тарта газ өчөт

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 21-июндан тарта газ өчөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. «Бишкекгаз» абоненттерди Фрунзе көчөсүнүн Осмонкулдан Калык Акиевге чейинки бөлүгүндө жайгашкан жаңы газ түтүгүнө туташтырат. Буга байланыштуу ушул аймакта жашаган тургундардын көгүлтүр оту өчүрүлөт. «Газпром» ишти төрт этап менен өткөрүүнү пландап… Кененирээк…

Баткен районунун Кара-Булак айылында тарыхый музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды

Баткен районунун Кара-Булак айылында тарыхый музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды.   Ага  республикалык бюджеттен 21,7 миллион сом каралган. Маданият үйүнүн курулушу ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтөт деп пландалууда.   Музейде 2 миң 885 экспонат бар. Анын ичинен 16 бөлүмү эң байыркы экспонаттар болуп саналат.

Жайында тамак-ашка уулануу учурлары көбөйөт

Жайында тамак-ашка уулануу учурлары көбөйөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен аптаптуу ысыкта актуалдуу болгон эрежелерди эске салышты.   Алсак, адистердин айтымында коомдук жайлардан кийин жана сөзсүз түрдө тамактанардын алдында колду самындап жууш керек, азык-түлүк алууда сактоо мөөнөтүн жакшылап карап, тамак-ашты бир гана муздаткычта сактоо сунушталат.   Уулануунун… Кененирээк…

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга бир күндө 66 миң сом айып салынды

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга бир күндө 66 миң сом айып салынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, объекттин айланасындагы тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 66 миң сомго 7 протокол түзүлдү. Анын ичинен юридикалык жактарга карата 3 протокол түзүлгөн: -«Мир Одежды Кей Джи»… Кененирээк…

Бишкекте кампадан өрт чыгып, 3 күжүрмөн эсеп тартылды

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 06:54төн тарта жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, саат 08:02де чектөөгө алынган.     Мындан тышкары, учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана райондук электр… Кененирээк…

Баткендин чек арадагы Капчыгай айылында ички жолдорго асфальт төшөлдү

Баткен районундагы Капчыгай айылынын ички жолу толугу менен жасалып, асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал маалымдагандай, жаңы курулган тамдардан тышкары айылдын жолу жасалып, көчөлөрүнө жарык коюлду. Белгилей кетсек, Баткендин чек арадагы Капчыгай айылы 2022-жылдын сентябрындагы чек ара… Кененирээк…

Энергетика министри Бишкек ЖЭБиндеги күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБине барып, күз-кыш мезгилине даярдык, көмүр кампалары жана жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты. Министрликтен билдиришкендей, иш сапардын алкагында “Электр станциялар” ишканасынын жетекчиси алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыктар боюнча маалымат берип, көйгөйлүү маселелер талкууланды.   Соңунда министр ЖЭБдин жетекчилигине алдыдагы жылытуу… Кененирээк…

Кыргызстанда инсулин өндүрүлө турган завод курулат

Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүш тажрыйбасынын талаптарына жооп берүүчү дары-дармек заводунан, лабораториялардан, окуу борборунан, кампалардан турган атайын фармацевтикалык комплекс куруу тууралуу макулдашууга кол коюлганын 15-июнда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, инвестициялык макулдашуу кыргыз өкмөтү менен нидерландиялык BioPharmax B.V. компаниясы ортосунда түзүлдү.   Фармацевтикалык… Кененирээк…

Бишкектин эки борбордук көчөсү бүгүн жабылат

Бишкектин эки борбордук көчөсү бүгүн жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициядан кабарлашты. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Иран футбол беттеши өтөт.   Буга байланыштуу, саат 4төн тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо-Панфилов тилкеси тосулат. Оюн учурунда… Кененирээк…