COVID-19дан келтирилген экономикалык зыян 14 триллион долларга жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда көп жоготуулар болду, башкысы – мамлекеттердин өнүгүүсү кыйла жайлап калды.
Алсак, 2019-жылга чейин өлкөлөрдүн көбү кедейликти жоюуга, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келсе, эми алынган жыйынтыктар кайра артка кетти, — деди Вуйнович.