Кыргыз-кытай чек арасынын өткөрүү түйүндөрү 1 күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасынын өткөрүү түйүндөрү 1 күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” түйүндөрү эртең, 22-июнда жабык болот.

 

Бул Кытайдын элдик майрамына байланыштуу кабыл алынган чара. Транспорт каражаттарын жана жүктү өткөрүү  23-июнда жанданат.