Өлкө мектептеринде 9-классты аяктап жаткандарга аттестат тапшырылды

Өлкө мектептеринде 9-классты аяктап жаткандарга аттестат тапшырылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл аталган классты жалпысынан 100 миңден ашык окуучу аяктап жатат.

 

Мамлекеттик экзамендер артта калып, аларга бүгүн орто билимди тастыктаган күбөлүктөр берилди. Ал эми 11-классты аяктап жаткандарга атестаттар 23-июнда тапшырылат.