Дүйнөдө эң кымбат товар жана кызматтары менен шаарлар аталды

Дүйнөдө эң кымбат товар жана кызматтары менен шаарлар аталды. Биринчи орунда Сингапур жайгашат.

 

Аналитиктердин айтымында, бул шаар-мамлекет кымбат жашоо деңгээли, кыймылсыз мүлккө болгон жогорку суроо-талабы жана салыктары менен биринчиликти алды. Экинчи орунда – Шанхай турса,  үчилтикти Кытайдын дагы бир шаары Гонконг бекитет.

 

Эң кымбат калааларга ошондой эле Дубай, Монако, Тайбэй, Сан-Паулу жана Майами кирет.