Кыргызстан, Казакстан жана Орусия жарандардын жеке маалыматы менен бөлүшүп турмай болушту

Кыргызстан Казакстан жана Россия менен жарандардын жеке маалыматын ич ара бөлүшүп туруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу бүгүн 21-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

 

Макулдашуу үч өлкөнүн тийишүү органдарына адамдын жарандыгы, үч өлкөнүн биринин аймагында убактылуу жашоого уруксатынын, миграциялык каттоосунун, визаларынын, кыймылсыз мүлкүнүн, мүлк боюнча милдеттенмелеринин бар же жоктугу, кылмыш же административдик жоопкерчилигине тартылган-тартылбаганы, жеке документтери тууралуу маалыматтар менен алмашып турууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Аталган макулдашууга үч өлкө 2020-жылдын 18-декабрында кол коюшкан. Аны ратификациялоо тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 25-майда кабыл алган.

Казакстан да, Россия да ратификациялоо ишин аякташкан.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны ушу тапта чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Россияда жана Казакстанда.