Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы ири өрт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүүдө

Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы ири өрт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүүдө.

 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктын себебин аныктоо максатында атайын экспертизалар дайындалды.

 

Эске салсак, мунай базасындагы өрт кечээ кечинде чыкты. Тилсиз жоодо 4 адам жабыркады, 6 цистерна, 2 бензовоз жана 4 жеңил машине күйүп кетти.