Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болду. Мындан улам районго 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Жеринде Нарын суусунун нугун буруу иштери жүрүүдө.