Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн министрлер кабинети каражат бөлүп берүүгө даяр

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн министрлер кабинети каражат бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, жылуулук-электр борбордун эски блогун толугу менен газга өткөрүү үчүн 4 миллиард 800 миллион сом талап кылынат.   Учурда бул багытта “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен сүйлөшүүлөр… Кененирээк…

Кыргызстанда жарым айда эле күрүчтүн баасы 8 сомго кымбаттады

Кыргызстанда жарым айда эле күрүчтүн баасы 8 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Эгер 31-майда аталган азыктын бир килограммы 120 сом турса, эми баалар 128 сомго теңелүүдө.   Бүгүнкү күнгө карата эң кымбат күрүч Кара-Сууда – 163 сом, Исфанада 150 сом, Жалал-Абадда… Кененирээк…

Боом капчыгайында жол ачык

Боом капчыгайында жол ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен бизге билдиришкендей, учурда Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолунда транспорт эч тоскоолдуксуз өтүп жатат.   Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан кийин Боом капчыгайына кире бериш жерде сел жүргөн. Кыймыл бир тараптуу уюштурулуп, жеринде атайын техника тартылып,… Кененирээк…

Ирандын курама командасы CAFA кубогунда биринчи жеңүүчү болду

Ирандын курама командасы CAFA Nation»s Cup турниринде (Борбор азиялык футбол ассоциациясы) биринчи жеңүүчү болду. Финалда оюн тааласынын ээси болгон Өзбекстан командасын жеңип алды. Жалгыз голду Сардар Азмун таймаштын 48-мүнөтүндө киргизди. Эске салсак, Ташкентте коло медаль үчүн да матч болду. Анда Кыргызстан бир гол менен омандыктарга жеңилип,… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.   Мындай коркунуч бүгүн жана эртең сакталат. Себеби – температуранын көтөрүлүшү жана тоо этектеринде нөшөрлөп жааган жаан. Жарандарга этият болуу сунушталат.

Бишкектиктердин үйлөрүнө ысык суу эртең берилип баштайт

Бишкектиктердин үйлөрүнө ысык суу эртең берилип баштайт. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын адистери тургундарды аристон сыяктуу суу жылыткыч шаймандарды өчүрүүнү сунуштайт.   Болбосо, ал түтүктөр менен келе турган ысык сууну бууп калышы мүмкүн. Эске салсак, ордо калаада жыл сайын ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул аралыкта… Кененирээк…

Шопоков шаарындагы мунай базасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Шопоков шаарындагы мунай базасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалынды басууга 13 өрт өчүрүүчү бригада тартылды, ошондой эле, жеринде өрт өчүрүүчү поезд жана 3 тез жардам кызматы иштеди.   Алдын ала маалымат боюнча, 6 цистерна, 2 бензовоз жана 4 жеңил… Кененирээк…

Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу түрдө мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирди

Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу түрдө мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Президент кол койгон документ “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланды. Эми кыргызстандыктар мыйзамсыз байыса дагы, мүлкүн декларациядан өткөрө алат.   Мамлекеттик органдар ал кайдан келип чыкканын сурабайт жана текшербейт.   Мамлекет тарабынан кылмыш иши козголбой турганына кепилдик дагы берилет.… Кененирээк…

Кыргызстан экология боюнча дүйнөлүк рейтингде 126-орунду ээледи

Кыргызстан 2022-жылы экологиянын деңгээли боюнча рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду ээледи. Бул тууралуу The Environmental Performance Index сайты жарыялады. Биринчи орунга 77.9 балл менен Дания чыккан. Экологиясы эң таза өлкөлөрдүн сап башында Британия, Финляндия, Мальта, Швеция, Люксембург, Словения, Австрия, Швейцария жана Исландия турат. Кыргызстан бул рейтингде 35,7… Кененирээк…

Сан-Франциско аэропортунда Дюк аттуу мышык кызматка алынды

Сан-Франциско аэропортунда Дюк аттуу мышык кызматка алынды. Ал учуудан корккон жүргүнчүлөрдү тынчтандырат. Мышыктын ээси жаныбарынын жоош жана адамдарга жакын мүнөзүн байкап, ал “терапевттин” ролун аткара алат дешкен.   Белгилеп кетсек, учурда аэропортто иштеген Дюк жалгыз жаныбар эмес, бул бөлүмдө иттер, коендор жана башкалар бар.