Жалпы республикалык тестирлөөдө эң мыкты жыйынтыкты эки бүтүрүүчү көрсөттү

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң мыкты жыйынтыкты эки бүтүрүүчү көрсөттү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Оштогу Киров атындагы №4 мектептин окуучусу Кызжибек Жээнбекова жана Бишкектеги №61 математикалык мектептин бүтүрүүчүсү Нурсейит Төрөбаев.   Алар өлкөнүн каалаган университетинде акысыз билим алууга укуктуу. Жалпысынан республика боюнча жогорку упайларга 54… Кененирээк…

Милиция 23-июнга чейин кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Милиция 23-июнга чейин кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү.   Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чара Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайердин расмий сапарына байланыштуу киргизилет.   Коомдук тартипти сактоого 2 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Расмий иш-чаралар өткөн аймактар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Андан тышкары, айрым көчөлөр унаа… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup — 2023 мелдешинде Оманга жеңилип калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup — 2023 мелдешинде Оманга жеңилип калды. Оюндагы жалгыз голду биздин дарбазага омандык жарым коргоочу Аршад Аль Аляви киргизди. Муну менен Оман курама командасы мелдештин коло байгесине ээ болду.   Ал эми Кыргызстан төртүнчү орунга жайгашты.

Кышкысын электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү Токтогулда суу толгонунан көз каранды болот

Кышкысын электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү Токтогулда суу толгонунан көз каранды болот. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев жарыялады.   Анын айымында, июнда Токтогул суу сактагычына былтыркыга салыштырмалуу 2 миллиард кубка аз суу топтолду. Эгер күзгө чейин 14,5 миллиард куб метр суу топтолсо, анда электр… Кененирээк…