Бишкектин Калыс-Ордо конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бизге мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты 1 миң чарчы метрден ашып, 140 бөбөккө чакталат.

 

Анда уктоочу бөлмөлөр, оюн бөлмөлөрү, ашкана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастикалык залдар, техникалык жайлар каралган. Курулуш иштерине каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.