Ленин округу боюнча депутатты кайра шайлоонун үгүт жүргүзүү кампаниясы 21-августта башталат. Боршайкомдун маалыматына ылайык, ага бир күн калганда талапкерлерди каттоо токтотулат. 10-августка чейин мандатка ээ болууну каалагандар талапкерлигин жылдыра алат.
Ал эми 100 мин сомдук шайлоо күрөөсүн 13-августка чейин төлөш керек.
Эске салсак, парламент депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Кезектеги добуш берүү 13 миллион сомго айланат.