Жер басып алгандарга карата жаза күчөтүлдү. Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбооруна Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, өлкөдө жерлерди, тилкелерди басып алып, имарат куруп алгандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылат же 200 миң сомго чейин айыпка тартылат. Буга чейинки жаза 5 жылга эркинен ажыратуу жана 50 миң сомдук айыпты түзүп келген.
Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана анда курулушка жол бербөө максатында кабыл алынды.