Кыргызстанда унаа менен көмүр чыгарууга убактылуу тыюу салуу сунушталды. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Чектөөлөр 8 айга киргизилиши мүмкүн.
Бул убакыт аралыгында кара отунду темир жол менен жана кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт”, “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү аркылуу чыгарса болот.
Бийлик күзгү-кышкы сезондо өлкөдө көмүр жетишсиз болот деп чоочулап жатат. Баалар азыртан кымбат болууда. Бул кара отунду ири партиялар менен Европа өлкөлөрү, Пакистан, Кытай жана Өзбекстан сатып алып жатканына байланыштуу.