Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,5 миллиард  кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,5 миллиард  кубометрди түздү.

 

“Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, суунун агып келиши секундасына 615 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 442 куб метрди түзүүдө.

 

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. Кошумчаласак, өткөн жылдын ушул мезгилинде суунун көлөмү 12 миллиард 637 миллион куб метрди түзгөн.